Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш ишин козгоо үчүн макулдук алуу маселеси бүгүн, 1-июнда парламент жыйынында көтөрүлдү.
Депутат Жанарбек Акаев Конституциялык соттун парламент өкүлүнө иш козгоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу кереги жок деген мазмундагы чечимин сынга алып, ага реакция кылууга чакырды жана бул мекеменин жетекчиси кызматтан кетиши керектигин айтты.
Конституциялык сот Жогорку Кеңештин регламентиндеги “депутатка кылмыш ишин козгош үчүн парламенттин макулдугу керек” деген мазмундагы норманы Баш мыйзамга каршы келет деп тапканы быйыл 25-майда белгилүү болгон.
Конституциялык соттун чечиминде “Кылмыш жасады деген негиздүү шектенүүлөр болгон учурда Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш ишин козгоо депутаттын ишине жана көз каранды эместигине кол салуу болуп саналбайт. Конституциялык сот “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамдын 138-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган, депутатка иш козгоого Жогорку Кеңештин макулдугун алуу зарылдыгын белгилеген механизм укуктук кол тийбестиктин максаттарына шайкеш келбейт жана Конституциянын 24-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 78-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген чектен чыгып кетет деп белгиледи” деп айтылды.
Депутат Акаевдин бүгүнкү билдирүүсүнө Конституциялык сот комментарий бере элек.
#Конституция #Акаев #жаңылыктар
_________________________________________
"Азаттыктын" тиркемесин көчүрүп алыңыз.
Шилтемеси:
IOS https://apps.apple.com/us/app/id1521472502
Android https://play.google.com/store/apps/details?id=org.rferl.kg
Биздин сайт - https://www.azattyk.org/
Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/
https://www.instagram.com/azattykmedia/
Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org
https://www.facebook.com/azattyk
Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA
Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

- Категория
- Тренды сегодня

Комментариев нет.